Бишкек ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр

Бишкек ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ордо калаанын Жылуулук электр борбору белгиленген мөөнөттө калкты ысык суу менен камсыз кылат.

 

Эске салсак, Бишкекте ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн. Бул учурда шаардагы суу түтүктөрүн жана жылытуучу казандарды оңдоо жумуштары жасалды.