“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы Курманжан Датка көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо иштерин баштады

“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы Курманжан Датка көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо иштерин баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Чүй, Огонбаев, Фрунзе, Салиева көчөлөрүн бириктирген бөлүгүндө жүрүүдө.

 

Ремонттук иштерге б айланыштуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Жумуштар күзгү-кышкы сезонго даярдыктын алкагында жүрүүдө.