Бишкекке кирген унаалардан каражат чогултуу сунушталды

Бишкекке кирген унаалардан каражат чогултуу сунушталды.

 

Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, баалар унаанын үлгүсү, мамлекеттик номери жана салмагына жараша аныкталат.

 

Алсак, жеңил машинелерден 50 сом, жүк ташуучу унаалардан 100 сом жана трактор, комбайн сыяктуу техникадан 150 сомдон 300 сомго чейин алынат.

 

Айдоочулар алдын ала 100 миң сом төлөсө, анда 30 пайыздык жеңилдик каралган. Министрликтердин, дипломаттардын, эл аралык уюмдардын жана кайгуул милиция, тез жардам, өрт өчүрүү кызматтарынын унаалары  төлөмдөрдөн бошотулат. Долбоор бекитилсе борбордун кире беришинде каражат чогултуу пункттары уюштурулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.