Бишкекте 18-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкекте 18-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

 

Бул пландалган жумуштардын биринчи этабы. Кийинки кезекте Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүк калыбына келтирилет.