Бишкекте №34 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №34 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, “Жеңиш” жаңы конушу жана “Бишкек автобекети” боюнча каттаган автобустун “Бишкек автобекетиндеги” акыркы аялдамасы “Ак-Жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин узартылды.

 

Мындай чара тургундардын кайрылууларынын негизинде ишке ашты. Ага ылайык, Чүй облусунун аймагында жүрүүдө кошумча 10 сом төлөнөт.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.