Бишкекте 4 миңден ашык вакансия сунушталат

Бишкекте 4 миңден ашык вакансия сунушталат. 1-июлга карата Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында 4 миң 408 бош орун катталган.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш берүүчүлөр талап кылган адистердин 74 пайызы жумушчу кесиптер.

 

Белгилеп кетсек, ордо калаада жалпысынан 4 миң 950 адам жумушсуз деген расмий статуска ээ, негизинен аялдар жана жаштар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.