Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын Сухэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.

 

Тыгындарды азайтуу максатында, жол оңдоо иштери этабы менен жүрөт. Андан кийин Сүйөркулов – Ахунбаев участогу ремонттолот.