Бишкекте Чүй проспектиси жабылганына байланыштуу 10 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү

 

Бишкекте Чүй проспектиси жабылганына байланыштуу 10 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү.

 

Бүгүнтөн тарта аталган кең көчөнү калыбына келтирүү иштери башталат.

 

Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Буга байланыштуу №34, 48, 7, 17, 38, 42, 107, 166, 203, 212 автобус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөрдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.