Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери дээрлик аяктап калды. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, учурга карата жумуштар 95 пайызга жыйынтыкталды.
Стадиондо гибриддик футбол аянтчасы жана отургучтар алмаштырылып, 9 чуркоо жолдору пайда болот.
Ошондой эле мекеменин башкы имаратынын инфраструктурасы жаңыртылды. Ремонттук иштер июнь айында башталган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.