Бишкекте июль айынын эң ысык учуру үчүнчү декадага туш келет. Синоптиктердин маалыматына караганда, жакынкы жети күндө борбор калаада абанын температурасы нормада же бир аз жогору болуп, күндүз максимум +35, түнкүсүн 22 градуска жакын жылуу болот.
Бирок 20сынан баштап күндүз термометрлер 36 градустан төмөн түшпөйт, 21-июлда температура +39, түнкүсүн 23 градустан 25 градуска чейин ысыйт.
Эске салсак, көп жылдык байкоолор боюнча Бишкек шаарында жайдын экинчи айынын эң ысык күнү 2015-жылдын 16-июлуна туура келген. Анда термометр +42 градуска чейин көтөрүлгөн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.