Бишкекте Исанов көчөсүнүн бир тилкеси эми бир тараптуу

Бишкекте Исанов көчөсүнүн бир тилкеси эми бир тараптуу. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп анын Токтогул-Москва көчөлөрүн камтыган бөлүгү тууралуу болуп жатат.

 

Бул тилкеде унаалар түштүк тарапка гана жүрө алат. Ал эми түндүк тарапты көздөй айдоочулар Тоголок Молдо көчөсү менен жүрүшү керек.  Мэриядан белгилешкендей, мындай чечим тыгындарды алдын алуу үчүн кабыл алынды.