Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат

Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат.

 

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкекте бир эле Тез жардам клиникасы бар.

 

Шаар чоңоюп жаткандыгына байланыштуу мурдагы Аламүдүн облустук ооруканасы экинчи Тез жардам клиникасы болот. Ошондой эле ал Тез жардам кызматы өлкөдө акысыз тейлей турганын кошумчалады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg телеграмм каналынан тааныша аласыздар.