Бишкекте эми троллейбустар болбойт

Бишкекте эми троллейбустар болбойт. Алар экологиялык жана мобилдүү келген электробустарга алмаштырылат. Шаар бийлиги муну троллейбустар ыңгайлуу болбой калганы менен түшүндүрүүдө.

 

Анткени, алар атайын линия тартылган каттам менен гана жүрө алат. Алсак, учурда Бишкекте бир катар борбордук көчөлөр капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Мындай учурда троллейбустарга альтернативалык каттам түзүү мүмкүн эмес.

 

Андыктан, транспорт бир айдан бери автопаркта токтоп турат, ал эми айдоочулар эс алууга жөнөтүлгөн, — дешти мэриядан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.