Бишкекте келе жаткан ишембиде жарым марафонго байланыштуу борбордук көчөлөр жабылат

 

Бишкекте келе жаткан ишембиде жарым марафонго байланыштуу борбордук көчөлөр жабылат. Мэриядан билдиришкендей, 29-сентябрда кайрымдуулук жарым марафону өтүп, ага 4,5 миңден ашык адам катышат.

 

Спорттук иш-чара Ала-Тоо аянтында башталып, катышуучулар борбордук көчөлөр аркылуу чуркайт. Буга байланыштуу, таңкы саат 6дан тарта Чүй, Айтматов проспектилери, Абдрахманов, Масалиев, Иманалиев көчөлөрү тосулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.