Бишкекте коомдук транспорт эртең түнгө чейин каттайт

Бишкекте коомдук транспорт эртең түнгө чейин каттайт. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Шаар тургундарынын ыңгайы үчүн автобус, троллейбус жана маршруттук таксилер түнкү саат 1ге чейин иштейт.

 

Белгилеп кетсек, эртең, 31-декабрда Ала-Тоо аянтында концерт уюштурулат. Буга байланыштуу, кечки саат 6дан түнкү 1ге чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкеси тосулат.