Бишкекте “Мурас” турак жай комплексиндеги курулуштун экинчи этабы уланууда

Бишкекте “Мурас” турак жай комплексиндеги курулуштун экинчи этабы уланууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, 24 кабаттуу тогуз үй курулат.

 

Биринчи этап былтыр жазында башталган. Анын алкагында 18 кабаттуу 11 үй курулуп жатат.

 

Объектилерди биринчи этапта пайдаланууга берүү быйылкы жылга белгиленген. Кошумчаласак, “Мурас” турак жай комплексинде балдар жана спорт аянтчалары, дүкөндөр, кафелер, бала бакча, эмкана өңдүү курулуштар да камтылат.