Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод кийинки жылы ачылат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод кийинки жылы ачылат.

 

Ишкананы кытайлык инвесторлор куруп жатат. Ал 12 гектар аянтты ээлеген санитардык полигондун аймагында жайгашат.

 

Завод күнүнө болжол менен 850 тонна таштандыны кайра иштетип, ошол эле учурда электр энергиясын өндүрүп чыгат. Эске салсак, эко-техникалык ишкананын курулушуна капсуланы министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров ушул жазда салган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.