Бишкекте жаңы автобустар айрым маршруттук таксилердин каттамдарына кое берилди

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамга чыкты. Мэриянын маалыматына караганда, автобустук жаңы 3 линия ачылып, бешөө маршруттук таксилер каттаган схеманын ордуна коюлду.

 

Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн ошол эле маршруткалардын линиясынын номери автобустарга берилген. Жаңы линиялар — №15, 51 жана 52. Ал эми маршруттук таксилерди алмаштыргандар — №100, 105, 152, 195, 32. Белгилеп кетсек, Бишкекке Кытайдан газ менен жүргөн 200 автобус алып келинген. Жыл аягына чейин жалпы 500 автобустун келиши пландалган, дагы 500ү кийинки жылы келери пландалууда.