Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Орто-Сай” подстанциясы курулууда

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Орто-Сай” подстанциясы курулууда.

 

Бул тууралуу ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришти. Көмөк чордон шаардын түштүк-чыгыш тарабында жашаган абоненттерди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт.

 

Ошондой эле ал электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.