Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылды

Бишкек шаарында Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону жана Кара жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн оюн-зоок программасы жана майрамдык концерт даярдалды.

 

Ошондой эле асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар жана борбордук фонтандын айланасындагы чыгармачылык зоналар уюштурулду. Анда чиймелери бар мольберттер жана экрандар орнотулган.

 

Мындан тышкары, «Нептун» жана «суу перилердин» катышуусунда ачык оюндар, сынактар жана викторина, оюн-зоок программасы уюштурулду.

 

Спорттук мелдештер (стол тенниси, футбол, пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш) өткөрүлдү. Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары орнотулду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.