Бишкектен “Манас” эл аралык аэропортуна туруктуу коомдук транспорт каттап баштады.
Бул тууралуу аталган аба майданынан билдиришти. №153 автобус 12-кичи районунан аэропортко чейин күн сайын эртең мененки саат 7.30дан кечки 8ге чейин жүрөт.
Автобустардын жүрүү аралыгы 10-15 мүнөттү түзөт. Аэропортко чейин жол кире 150 сом, накталай эмес төлөм 122 сом.