Бишкектин Көк-Жар кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү токтотулду

Бишкектин Көк-Жар кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу “Бишкек жылуулук борбору” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өчүрүү пландан сырткары оңдоо иштерине байланыштуу.

Жумуштар бүгүн кечки саат 5ке чейин уланат.