Бишкектин жаңы прокурору болуп Канат Насипов дайындалды

Бишкектин жаңы прокурору болуп Канат Насипов дайындалды.

 

Тиешелүү буйрукка кызматка жакында эле келген Башкы прокурор Максат Асаналиев кол койду. 40 жаштагы Насипов буга чейин Ош шаардык прокуратурасында коррупцияны алдын алуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

 

Бишкектин буга чейинки прокурору Эмилбек Абдыманапов кызматтан алынды.