Боршайком жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесин жарыялады

Боршайком жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесин жарыялады.

 

Ал “Тизме” мамлекеттик порталында жарыяланат. Ага 70 миңден ашык жаран киргизилди. Тизмелер 18-февралга чейин шайлоо тилкелеринде илинет.

 

Ошол күндөн тарта 24-мартка чейин жарандар өздөрүн тактап алышы керек. Эске салсак, жергиликтүү шайлоолор Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында 9-апрелде өтөт. Добуш берүү эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары аягына чыккандыктан белгиленди.