БШК депутат Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгон.

 

Икрамов өзү мандатын тапшырууга эмне себеп болгону тууралуу комментарий бере элек.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген. Парламентте “Элдик” депутаттык тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин мүчөсү.

 

Ал буга чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаты мандатын тапшырган. Алсак, 25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган.

 

Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Сверлдов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев арызынын негизинде мандатынан ажыратылган.

Жогорудагы бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтүп, жаңы депутаттар шайланды, партиялык тизме менен парламентке келген депутаттардын ордуна кезектеги талапкерлер мандат алышты.

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген.