Быйыл Чүй облусунда 29 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтөт

2024-2025-жылдагы күз-кыш оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусундагы 35/110/220/500 кВ кубаттуулуктагы 29 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, ошондой эле 35/110/220/500 кВ 126 даана көмөк чордонду жана 2 318 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөө иштери аткарылат. Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.

 

Ишкана электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурай турганын эскертет.

«Электр энергиясы боюнча суроолор пайда болсо, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине жана күнү-түнү иштөөчү 105, 1209 чалуу борборуна кайрылууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусу боюнча 295 миң абонентти тейлейт.