Дүйнөлүк туризм пандемияга чейинки деңгээлден 95 пайыз калыбына келет

Быйыл дүйнөлүк туризм пандемияга чейинки деңгээлден 95 пайыз калыбына келет. Мындай божомолду Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин эксперттери жасады.

 

Адистердин айтымында, дүйнөлүк туризм тармагына “каржылык инъекциялардын” көлөмү 9,5 триллион долларга жетет. Бул эл аралык саякат эң жогорку деңгээлге жеткен Covid-19га чейинки деңгээлден 5 пайыз гана төмөн.