Чүй облусундагы мектептердин жана бала бакчалардын жанында жол кыймылы үчүн максималдуу ылдамдык саатына 40 чакырымдан 30 чакырымга кыскарды

Чүй облусундагы мектептердин жана бала бакчалардын жанында жол кыймылы үчүн максималдуу ылдамдык саатына 40 чакырымдан 30 чакырымга кыскарды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, балдардын коопсуздугун камсыздоо чаралары дүйнөлүк практиканы эске алуу менен көрүлүүдө.

 

Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулуп, чийиндер түшүрүлүп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.