Чүй облусундагы Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунун 21-30-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүрүүдө

Чүй облусундагы Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунун 21-30-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүрүүдө. Жеринде  Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатат.

 

Кечкиге чейин каттам жанданат деп күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, түнү менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунда сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Учурда тазалоо, кеңейтүү иштери менен катар жолдун суу жеп кеткен жерлерин жана көлөмүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө.