Чүй облусундагы жаңы цемент заводу ушул жылдын август айында ачылат

Чүй облусундагы жаңы цемент заводу ушул жылдын август айында ачылат. Кабар агенттигинин маалыматы боюнча, ишканада 450 жумуш орду пайда болот. Курулушка 45 миллион доллар бөлүнгөн.

 

Завод ишке берилсе,  өлкөдөгү эң ири ишканалардын бири болуп эсептелет. Анда алдыңкы технологиялар колдонулуп, өндүрүш калдыксыз болору күтүлүүдө. Ишкананын кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тонна цементти түзөт.