Чүй облусунун Москва районунда автоунаа чогултуучу завод ачылды

Чүй облусунун Москва районунда автоунаа чогултуучу завод ачылды. Кыргыз-өзбек ишканасы жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чогултат.

 

Өндүрүлгөн транспорт Кыргызстандын керектөөсүн камсыздайт, өзгөчө автобустар мектеп окуучуларын ташууга багытталат. Ошондой эле Орто Азия мамлекеттерине экспорт жасалат.

 

Белгилей кетсек, объекттин курулушу өткөн жылдын майында башталган. Жумушчулардын саны 5 жыл аралыгында 1 миң  400 адамга жетет деп пландалууда. Ал эми, бул долбоорду ишке ашырууга инвестициянын жалпы суммасы эки баскыч менен 110 миллион долларды түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.