Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы мектептин курулушу башталды

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы мектептин курулушу башталды. “Турмуш” басылмасы жазгандай, объект Чорголу айылында жайгашат. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 47,5 миллион сомдон ашык бөлүндү.

 

Белгилеп кетсек, буга чейинки мектептин имараты 60 жыл мурда салынгандыктан, материалдык-техникалык базасы эскирди, андыктан, жаңы мектепти куруу зарылчылыгы келип чыккан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg телеграмм каналынан тааныша аласыздар.