Чүйдө автозавод куруу боюнча кыргыз-өзбек инвестициялык долбоорун Жогорку Кеңеш ратификациялады

Чүйдө автозавод куруу боюнча кыргыз-өзбек инвестициялык долбоорун Жогорку Кеңеш ратификациялады.

 

Келишим үч этап менен ишке ашырылат. Биринчи этабында 10 миң унаа чогултулуп, кыргызстандыктар үчүн 500 жумуш орду ачылат.

 

Экинчисинде 20 миңге чейин машине чыгарылса, өндүрүш башталгандан алты жылдан кийинки үчүнчү этапта унаанын санын 30 миңге жеткирүү пландалууда. Жеңил машина, микроавтобус жана чакан жүк ташуучу унаа чыгарыла турган ишкананы Чүйдүн Ак-Суу айылына куруу пландалууда.