Үч округда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого 42 адам арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алууну токтотуп, талапкерлерди каттоо процессин баштаганын билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке Баткен, Кара-Суу жана Ош шайлоо округдарынан шайланган депутаттар Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмонов Райым Матраимов менен байланышы бар деп мандатынан ажыратылган. Буга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.