Чаткалда 225 орундуу мектеп курулат

Чаткалда 225 орундуу мектеп курулат.

Бул боюнча тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Жалал-Абад облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси Курулуш айылында жайгашат.

Тендердин баасы 142 миллион сомдон ашат.