Чет элдик жарандар эми Ысык-Көлдөн объект сатып алууга укуктуу

Чет элдик жарандар эми Ысык-Көлдөн объект сатып алууга укуктуу.

 

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык,  башка өлкөлөрдүн жарандарына убактылуу колдонуу укугу менен объектилер сатылат.

 

Анын тартибин министрлер кабинети бекитиши керек. Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, чет элдиктер объектилерди гана сатып алса болот, ал эми жер тилкелерин ала алышпайт.