Чоң-Алайда этникалык кыргыздар үчүн үйлөрдүн курулушу уланууда

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздар үчүн турак жайлардын курулушу аяктап калды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объектилер Бурган-Суу айылында жайгашкан.

 

Өткөн жылы үч үй курулган, учурда дагы жети үй курулуп жатат. Бардык объектилерди быйыл пайдаланууга берүү пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.