Чолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Чолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактагы сел каптаган 60 үйдүн 41и тазаланганын, учурда суу кирген үйлөрдү тактоо иши уланып жатканын кабарлады.

 

Эске салсак, 11-августта түнкү саат 10дор чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам Бактуу-Долоноту айылындагы үйлөргө суу кирген. Сел төрт унааны агызган, үч көпүрө бузулган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.