Дүйнөдө эң кымбат суу — Монакодо

Дүйнөдө эң кымбат суу — Монакодо. Жергиликтүү дүкөндөрдө 1,5 литр таза суу 6 долларга же болжол менен 500 сомго сатылат.

 

АКШда ошол эле көлөмдөгү сууну 2 долларга сатып алса болот. Ошондой эле суусу кымбат өлкөлөрдүн тизмесинде Африка, Барбадос, Коста-Рика жана Исландия бар.

 

Ал эми тескерисинче, эң арзан суу Египет жана Ливияда. Эксперттердин божомолу боюнча, дүйнөдө таза суунун жетишсиздиги 2040-жылдары башталат. Бул планета калкынын саны көбөйгөнүнө байланыштуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.