Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт

Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 8-августта министр Алтынбек Максүтов казакстандык кесиптеши менен жолугуп, анда иш-чараны өткөрүп берүү форматы талкууланат.

 

Кыргызстан бул оюндардын демилгечиси болуп саналат жана саамалык өлкөдө үч жолу өткөрүлдү. Андан кийин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өттү, быйыл Казакстанда болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.