Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул жылы коронавирус пандемиясы жыйынтыкталганын жарыялашы мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул жылы коронавирус пандемиясы жыйынтыкталганын жарыялашы мүмкүн. Мындай божомолду уюмдун генералдык директору Тедрос Гебрейрус берди.

 

Анын пикиринде дүйнө акырындап өзүнө келди. Ал белгилегендей, 11-мартта дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий түрдө коронавирус пандемиясы башталганын жар салганына 3 жыл болду.