Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-17 июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

17-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.