Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү

22-июлдан 27-июлга чейин Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жана Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарына чектеш жайгашкан айрым участоктордо талаа изилдөө иштери жүрдү.

 

“Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөт”, — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.