Филиппиндик гимнаст Карлос Юло Олимпиада оюндарынан алган алтын медалы үчүн өзгөчө белектерге ээ болот

Филиппиндик гимнаст Карлос Юло Олимпиада оюндарынан алган алтын медалы үчүн өзгөчө белектерге ээ болот.

 

Эки бөлмөлүү батирден тышкары спортчуга өмүр бою акысыз тамак-аш жеткирип берүү убадаланды.

 

Ошондой эле ар кандай компаниялар ага акысыз фотосессия, унаа тетиктерин жана смартфон үчүн чехолдорду берүүгө даяр. Ал эми дарыгер атлетти 45 жаштан кийин акысыз процедураларга күтөт. Эске салсак, филиппиндик гимнаст эки жолку олимпиада чемпиону болду. Ал эркин көнүгүүлөр жана секирүү боюнча алтын медалдарды ээледи.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.