Финляндия кайрадан дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды

Финляндия кайрадан дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды. Ал ушуну менен алтынчы ирет БУУнун докладындагы рейтингдин сап башында жайгашууда.

 

Эксперттердин пикиринде буга социалдык колдоо, жогорку киреше, мыкты саламаттыкты сактоо тармагы жана коррупциянын жоктугу шарт түзөт. Экинчи орунда Дания турат.

 

Бактылуу өлкөлөрдүн үчилтигин Исландия бекитет. Рейтингде ошондой эле Нидерланды, Швеция, Норвегия, Швейцария, Люксембург жана Жаңы Зеландия бар.