Хорватиядагы ресторандардын биринде тамакты роботтор жасап жатат

 

Хорватиядагы ресторандардын биринде тамакты роботтор жасап жатат. Алар ар кандай 70 ашты даярдай алат. Адамдын катышуусу бир гана жакшы ингредиенттерди тандоого талап кылынууда.

 

Майдын өлчөмүн, татымалдарды жана убакыт саатын робот өзү аныктайт. 15 мүнөттө 4 тамак даяр болот. Ресторан ээсинин айтымында, ашканасына бул жаңычылдыкты киргизүү үчүн ага 7 жылдык эмгек талап кылынды.