Испания курамасы Европа чемпионатынын финалына чейин бардык беттештерди жеңүү менен жетти

Испания курамасы Европа чемпионатынын финалына чейин бардык беттештерди жеңүү менен жетти. Жарым финалда “кызыл фурия” атыккан команда Франция курамасын утуп алды.

 

Ага чейин Германия жана Түркия футболчуларын жеңген. Ал эми тайпа ичинде испан футболчулары Албания, Италия, Хорватия курамаларынан күчтүү болду.

 

Финалда жеңишке жетсе, Испания курамасы ири турнирдин алкагында катары менен 7 беттеште жеңүүчү аталган экинчи команда болот. Буга чейин мындай ийгиликке Бразиялия курамасы 2002-жылы дүйнө чемпионатында жеткен.

 

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.