Испания курамасынын жарым коргоочусу Родри Германияда жыйынтыкталган Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу деп аталды. Бул тууралуу УЕФА билдирди.
Кечээ чечүүчү беттеште Испания Англия курамасын 2:1 эсебинде утуп алды. Команда турнирди ушуну менен төртүнчү ирет жеңди, бул рекорддук көрсөткүч. Финалдык оюндун мыкты оюнчусу – Нико Уильямс. Ал беттештеги биринчи голдун автору.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.