Электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу менен жылдык киреше 2,5 миллиард сомдон ашат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал эске салгандай, 1-майдан тарта калк бир киловатт-саат үчүн 77 тыйындын ордуна 1 сомдон төлөйт.
Эгер керектөөчү айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонсо, анда тариф мурдагыдай – 2 сом 16 тыйын болуп кала берет. Чиновник белгилегендей, электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу аргасыздан кабыл алынган чара.
Бул эскилиги жеткен жабдууларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк берет.