Энергетика министрлиги мамлекеттен 100 миң сом алуу үчүн талаптарды эскертет. Ведомство маалыматына ылайык, “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында каражат социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алган аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилет.
Талапкерлер ишке жарамдуу болуп, реалдуу бизнес-план түзүшү керек. Бул жылы мамлекет менен социалдык келишимди 23 миң үй-бүлө түзө алат.